Последнее редактирование Аселя около 8 лет назад

Адамдын турмушундагы информатиканын ролу

Азыркы мезгилде эсептөө техникасы боюнча адис эмес адамдар да ЭЭМди куруу жана колдонуу принциптерин үйрөнүү зарылдыгын түшүнүшөт, анткени ЭЭМ же компьютерлер жашообузда кеңири колдонулат.

Компьютерлер авиациялык жана темир жолдук билеттерди сатат, бир замат шаардын ар кандай бөлүктөрүндөгү жана ар кандай шаарларда, кассирлерге кайсы самолётто же поездде бош орундар бар экендиги жөнүндө маалымат берет. Ал химиялык лабораториялардын ордуна кандайдыр бир заттарды кошкондо эмне болорун экранда көрсөтөт. Тарыхчыларга компьютер пергаментте, берестада же чопо таблицаларында жазылган байыркы кол жазмаларын калыбына келтирүүгө жана чечмелөөгө жардам берет. Мектепте да компьютерлерге орун табылды. Анын жардамы менен буу кыймылдаткычынын иштешин же ракетанын учушун көрсөтүү жеңил. Ал чет тилди үйрөнүүгө жеңилдик кылат. Компьютер китепканадагы бүт китептердин тизмесин түзүүгө (ошондой тизме каталог деп аталат) жана каалаган тема боюнча, каалаган автордун, бардык китептерин заматта табууга жардам берет. Ал рентгеноскопияга караганда эң мыкты сапаттагы көрүнүштү алууга мүмкүндүк берет. Акыркы жылдары ЭЭМдин колдонулушу тунук эмес заттардын ички бөлүктөрүнүн көрүнүшүн көрсөтүүнүн жаңы ыкмасын жаратууга жардам берди. Бул метод томография деп аталат. Механикалык кызматты компьютерлерге тапшырганда, биз адамды чыгармачылык ишкердик үчүн бошотобуз. ЭЭМдин керектүү маселелерди чечиши үчүн, адамдар дайыма өз билимдерин так маалымат, жана эреже, катасыз алгоритм, эффективдүү программалар түрүндө компьютерлерге жөнөтүп турушу керек. Мына ошондуктан информатиканын негизин жана эсептөө техникасын билүү - коомдук турмушта, адамдардын ишкердигинде, ролун түшүнүү, адамдын маданиятынын, жалпы билимдин, окуу сабагынын маанилүү бөлүгү болуп калды.

 

Биринчи механикалык компьютер

Кембридж университетинин профессору Чарльз Беббиджди механикалык компьютердин атасы деп айтууга болот. 1812-жылы түзүлгөн бул машина полиномиалдык теңдемелерди ар кандай жолдор менен чыгарган. 1822-жылы өзүнүн компьютеринин чоң эмес, иш моделин түзүп, Британ өкмөтүнө аны көрсөтүп, өз системасынын кийинки өнүгүшүнө каражат алган. 1823-жылы жаңы машина жасалган. Ал бүт бойдон автоматтык, буу менен иштеген, жада калса таблица түрүндө жыйынтыктарын чыгарган.

Бул долбоор 10 жылга созулган. 1833-жылы биринчи «көп максаттуу» компьютер жасалып, “аналитикалык машина” деп аталган. Ал 50 ондук белгичелүү сандар менен иштеген жана 1000 чейинки сандарды сактаган. Ушул машина азыркы IF операторунун өрнөгү болуп алгачкы жолу операциялардын шарттуу аткарылышын ишке ашырган.

Бул машина үчүн программалар перфокарталардын жардамы менен жазылган. Бул ой кийинчерээк IBM катары белгилүү Tabulating Mashine Company компаниясында 1890-жылы өнүккөн. Бирок перфокарталарды өз системасында IBM гана колдонгон эмес. Перфокарталык компьютерлердин «гүлдөгөн» мезгилинде 1 мүнөттө 50–250 картаны иштеп чыгуучу түзүлүштөр жасалган. Перфокарталар маалыматтарды киргизүү, чыгаруу жана сактоо үчүн колдонулган. Механикалык компьютерлер электрондук компьютерлер менен сүрүлүп чыгарылган.

 

Информатиканын илим катары калыптанышы

Информатиканын илим катары калыптанышы ЭЭМдин өнүгүшү менен тыгыз байланыштуу. ЭЭМдин тарыхы В. Шиккард конструкциялаган, кошуу жана кемитүү амалдарын аткаруучу механикалык машинадан башталат.

ЭЭМдин өнүгүшү бир нече мезгилге бөлүнөт. Ар бир мезгилдеги ЭЭМдин муундары бири-биринен элементтеринин түзүлүшү жана математикалык камсыздалышы менен айырмаланат. 1-муундагы ЭЭМ 40-жылдардын ортосунда пайда болгон. Анын негизги элементи электрондук лампа болгон. Программалык жабдылышы негизинен стандарттык чакан программалардан турган. Бул муундагы машиналарга «ENIAC», «МЭСМ», «БЭСМ», «IBM-701», «Стрела», «М-2», «М-3», «Урал», «Урал-2», «Минск-1», «Минск-12», «М-20» ж.б. кирет. Бул машиналар чоң аянтты ээлеп, көп энергияны сарп кылган жана өтө көп
электрондук лампалардан турган. Мисалы, «Стрела» машинасы 6400 электрондук лампадан жана 60 миң даана жарым өткөргүч диоддон турган. Алардын тез аракеттүүлүгү секундасына 2-3 миң операциядан, оперативдик эсинин көлөмү 2 Кбдан ашкан эмес. «М-2» машинасында (1958) гана оперативдүү эс 4Кб, ал эми тез аракеттүүлүгү 1 секундда 20 миң операцияга жеткен. 2-муундагы ЭЭМдер 1950—60-ж. түзүлгөн. Мында негизги элемент катары электрондук лампанын ордуна жарым өткөргүчтүү диоддор жана транзисторлор колдонулган. Бул машиналардын экинчи өзгөчөлүгү — алгоритм тилдеринде программалоо-го мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул муундагы машиналарга «РАДЗАН-2» «БЭСМ-6», «IBM-7090», «Минск-22, -32», «Урал-14, -16», «БЭСМ-3, -4, -6», «М-220, -222» ж.б. кирет.

Жарым өткөргүчтөрдү электрондук схемаларга колдонуу ЭЭМдердин ишенимдүүлүгүн, тез аракеттүүлүгүн (секундасына 30 миң операция), оперативдик эстин көлөмүн (32 Кб) көбөйтүүгө алып келди. Машиналардын көлөмү кичирейип, электр энергиясын сарптоо азайды.

 

ЭЭМДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫНАН

3-муундагы ЭЭМдердин жаралышына 1970-жылдары интегралдык схемалардын кремний тактачага жайгаштырылган жана бир канча транзисторлордун, диоддордун ж.б. элементтердин ролун аткарган кичинекей электрондук түзүлүш иштелип чыгышы түрткү болду. Интегралдык схемаларды колдонуу ЭЭМдин мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла күчөттү. Борбордук процессор көптөгөн перифериялык түзүлүштөр менен катар эле иштеп жана аларды башкарууга мүмкүнчүлүк алды. ЭЭМдер бир эле убакта бир нече программаны иштеп чыга турган болду (мультипрограммалоо принциби).

3-муундагы ЭЭМден баштап сериялуу ЭЭМдерди иштеп чыгуу салтка айланды. Бир сериядагы машиналар бири-биринен мүмкүнчүлүгү жана өндүрүмдүүлүгү боюнча өтө өзгөчөлөнүшсө да, алар маалыматка бай, программасы көп жана аппараттык сыйымдуу болушкан. Мисалы, мындай ЭЭМдерге «IBM-360», «IBM-370», «Электроника-100/25», «Электроника-79», «СМ-3», «СМ-4», «БЭСМ-6» ж.б. да кирет. Булардын программалык жабдылуусу (операциялык системалар, жогорку деңгээлдеги программалоо тилдери, колдонмо программалар ж.б.) өтө кеңейтилген.

1970-жылдардын акырында чоң интегралдык схемалардын пайда болушу жана алардын эсептөө техникасында колдонулушу 4-муундагы ЭЭМдердин жаралышына алып келди. Бул машиналардын тез аракеттүүлүгү секундасына ондогон млн. операцияга, оперативдик эсинин көлөмү жүздөгөн Мегабайтка жетти. Алардын элементтик базасын чоң интегралдык схемалар (ЧИС), кийинчерээк өтө чоң интегралдык схемалар (ӨЧИС) түзгөн. Мында интегралдык схеманын кристаллында 1 кв. см. аянтка 1014 гө чейин элемент жайгаштырылышы мүмкүн. Микропроцессорлор, микроЭЭМдер жана персоналдык ЭЭМдер пайда болду. Ушул муундагы ЭЭМдерден баштап аларга компьютер деген аталыш кеңири пайдаланыла баштады.

 

Программалоо тилдеринин өнүгүү тарыхы

1954-жылдан баштап бардыгына белгилүү IBM компаниясынын инженерлер тобу Джон Бекустун жетекчилиги астында “Fortran” үчүн компиляторду түзүүнүн үстүндө иштешкен. Бул иш 1957-жылы “Fortran” деген тилдин түзүлүшүнө алып келген. “Fortran” - бул “FORmula TRANslator” дегендин кыскачасы, “формуланын транслятору” деп которулат. Биринчи версиясы атайын IBM-704 компьютери үчүн багытталган, ал “лампа” аркылуу иштеп, техникалык эсептерди чыгарууда колдонулган.

Кийинчерээк кайрадан иштелип чыккан версиялары пайда болгон: Фортран II, Фортран III, жана Фортран IV - 1962-жылы, Фортран V - комплекстүү сандар менен иштей алган программалар пайда болгон. 1966-жылы бирдей стандартка өтүүнү чечишкен. Кийинки стандартташтыруу 1977-жылы өткөрүлгөн жана Фортран VII-нин стандартташтыруу версиясы аябай белгилүү болгон. Visual Fortran пакеттери да пайда болду, алар “Windows” чөйрөсүндө колдонгон графикалык интерферейс аркылуу программаларды жазууга мүмкүнчүлүк берет.

1959-жылдын аягында АКШда иштеп чыгуучу топтор таптакыр жаңы «COBOL» деген универсалдык программалоонун тилин көрсөтүштү, ал Common Business Oriented Language бизнестин маселелерин чечүүгө эсептелген.

”Basic” деген программалоо тилин Дармут колледжиндеги математика факультетинин кызматкерлери Томас Курц жана Джон Кемени түзүшкөн. 1963-жылдын жай айларында Кемени “Бейсик” тилине арналган компилятордун биринчи версиясын иштеп чыгара баштаган. 1975-жылдын аягында “Basic”тин биринчи интерпретатору түзүлгөн. Тилдердин арасынан “Паскаль” тилин өзгөчө белгилеп кетүү керек, ал 60-жылдардын аягында швейцар окумуштуусу тарабынан түзүлгөн тил. Ал 1962-жылы мектеп окуучулары үчүн программалоонун расмий тили болуп жарыяланган. Кийинчерээк Ада жана Оберон пайда болгон.

«Ада» - тили АКШ коргоо министрлигинин буйрутмасы боюнча жана анын активдүү колдоосу аркылуу түзүлгөн.

 

Билл Гейтс

Билл Гейтс (William Henry Gates III) - компьютердик магнат, дүйнөдөгү эң бай адам, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү жана ээси.

Билл Гейтс 1955-жылы 28-октябрда АКШнын Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында төрөлгөн. Өмүрүндөгү биринчи компьютердик программасын 13 жашында түзгөн.

Гейтс алгачкы билимди Сиэтлдеги жалпы билим берүү мектебинен алган, бирок 12 жашында аны Lakeside School менчик мектебине которушкан.

Бир жылдан кийин эле ал алгачкы компьютердик программасын түзгөн. Колледжде окуп жүргөнүндө эле Билл Traf-O-Data компаниясын уюштурган, мында болочок магнаттын классташтары иштечү.

Билл көчө кыймылын жөнгө салуу үчүн программа түзүп, бул долбоору үчүн $20000 алганда он беш жашта болчу. Ал эми он жети жашында ага Бонневиль плотинасынын энергиясын бөлүштүрүү боюнча программалык пакет жазууну сунуш кылышкан.

1974-жылдын декабрында ал $397 турган компьютерди көрүп калат. Бул машинага программалык камсыздандыруу гана жетишпей турган.

Гейтс менен Аллен M.I.T.S. фирмасынын өкүлдөрү менен байланышып, алардын Altair 8800 компьютери үчүн программалык камсыздандыруу сунуш кылышкан. Бул вариантты компаниянын менеджерлери кабыл алышып, аларга программалоо тилин жазууну сунуш кылышкан.

Гейтс QDOS (Quick and Dirty Operating System) системасын 50000 долларга сатып алып, анын атын MS-DOS деп өзгөртүп, лицензиясын IBMге сатып жиберген. Андан түшкөн акчага Microsoft бир нече жыл иштеди. Microsoftтун программалык камсыздандыруусун колдонгон IBMдин жаңы компьютеринин бет ачары накта сенсация болду. Көп компаниялар лицензия алуу үчүн Microsoftко кайрыла башташты.

Microsoft өзүнүн Microsoft Word жана Microsoft Excel аттуу эки тиркемесин чыгарып, дүйнөлүк рынокту ээлөөсүн улантты.

1986-жылы Microsoft ачык типтеги акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. Ошол эле жылы – 31 жашында – Гейтс миллиардер болду.

 

Эсептөө куралдары жана электрондук эсептөө машиналарынын пайда болушу

Илгертен эле адамдар эсептөөнү жеңилдетүүгө умтулушкан. Эң байыркы «эсептөө куралдары» катары колдун жана буттун манжалары, майда таштар, үлүл жана башка майда буюмдар болгон. Кол өнөрчүлөр жана соодагерлер эсептөө үчүн мамычаларга бөлүнгөн тактаны пайдаланышкан.

Арифметиканын амалдарын механикалык түрдө эсептөөчү машинаны «арифмометр» деп аташат. Мындай машиналарды 1641-жылы француз окумуштуулары Б.Паскаль менен Г.Лейбництер ойлоп чыгарышкан. Эсептөө техникасындагы төңкөрүш ХХ кылымда пайда болгон.

Баштагы СССРде биринчи ЭЭМ академик С.А.Лебедевдин жетекчилиги астында 1950-жылы түзүлгөн. Азыркы ЭЭМ секундасына бир нече миллион амал аткарат жана илимде, эл чарбасынын ар түрдүү тармактарында кеңири пайдаланылат. Практикалык иштерде жөнөкөй ЭЭМ – кичи калькулятор колдонулат.

Азыркы эң кубаттуу (секундасына 1 меговатт) операция жасай алуучу компьютерлердин жасалышына турмуш өзү көмөкчү болууда. Адам ишинин ар кандай түрүндө компьютерлерди пайдаланууга мажбур болобуз. Мисалы: бензин иштеп чыгаруучу заводдо капыстан адамдын өмүрүнө коркунуч туулду дейли. Мындай учурда коркунучтан кутулуу үчүн, өз учурунда пайда болгон бардык маалыматты топтоп, аны анализдеп 12 секундадан ашпаган убакытта бир туура чечимге келүүгө, көз ачып жумгуча эң оор маселени чече алган универсалдуу (ар тараптуу) курал компьютер болуп эсептелет.

«Сирена-2» аттуу автоматташтырылган башкаруу системасы жана ага туташтырылган терминалдар бир ай мурун учак конуучу бир же бир нече пункттардан билет сатып алууга мүмкүндүк берет. Ири шаарлар арасында учуучу бардык учактар тууралуу, анын багыты, экипажы жана башка ага байланыштуу майда-бараттары тууралуу маалымат бир эле ЭЭМдин эсинде сакталат. Ал эми «Экспресс-2» системасы темир жол түйүнүнүн бардык түйшүктүү маселелерин эң оңой жана кылдат, так чечип бере алат.

 

Компьютерлердин элементтик базасынын өнүгүшү

40-50-жылдарда электрондук лампалардын негизинде компьютерлер түзүлгөн. Алар абдан чоң, кымбат, бирок ишеничтүү болгон эмес. 50-жылдары транзисторлордун негизинде биринчи компьютерлер пайда болуп, ал эми 60-жылдардын ортосунда компьютерлер үчүн кыйла чакан (компактуу) сырткы түзүлүштөр жасалган.

1959-жылы Роберт Нойс (Intel фирмасынын болочоктогу негиздөөчүсү) кремнийдин бир пластинасына транзисторлорду жана алардын ортосундагы керектүү бирикмелерди кошуп койгон. Андан алынган электрондук схемалар, интегралдык схемалар же «чиптер» деп аталып калган. Натыйжада, 1968-жылы Burroughs фирмасы интегралдык схемалуу компьютерлерди чыгарган.

1970-жылы «Intel» фирмасынан, Маршиан Эдвард Хофф өзүнүн функциялары менен чоң компьютердин борбордук процессоруна окшош келген интегралдык схеманы конструкциялаган. Мына ошентип биринчи микропроцессор Intel-4004 (1973-жылы – Intel-8008, 1974-жылдын аягында Intel-8008дин өркүндөтүлгөн түрү – Intel-8080) пайда болгон.

Бирок 1974-жылы бир нече фирма Intel-8008 микропроцессорунун негизинде персоналдык компьютерди түзүүнү сунуш кылышат. Чоң компьютер аткарган функцияларды аткаруучу, бирок бир керектөөчүгө эсептелген түзүлүштү ойлоп чыгарышкан. 1975-жылдын башында Intel-8080 микропроцессорунун негизинде түзүлгөн Альтаир-8800 деген алгачкы коммерциялык жактан таралган персоналдык компьютер пайда болгон.

1975-жылдын аягында Пол Ален жана Билл Гейтс керектөөчүлөргө программаларды оңой жазууга жана компьютер менен иштөөгө бир топ жеңилдиктерди берген «Basic» тилинин интерпретаторун «Альтаир» компьютери үчүн түзүшкөн. 1981-жылдын август айында элдин алдына жаңы персоналдык компьютер IBM PC официалдуу түрдө коюлган жана көп убакыт өтпөй эле ал керектөөчүлөрдүн арасында белгилүү болуп калды.

80-жылдардын ортосунда Apple фирмасы колдонууга кыйла жөнөкөй болгон жана керектөөчү менен иштөөгө көргөзмө графикалык интерфейсти камсыз кылган Macintosh компьютерин сунуш кылган. Бирок 90-жылдарда IBM PC – биригишкен компьютерлер үчүн Windows, Windows NT, Windows’95 деген графикалык интерфейси менен операциялык системалар жана башка, алар үчүн ылайыкталган программалар иштелип чыккан.

 

Компьютердик вирус

Компьютердик вирус – компьютердин эстеп калуу түзүлүшүндөгү дискеттерде сакталган, башка программаларга кирүүгө жөндөмдүү, машиналык код менен жазылган чакан программа. Вирус кирген программаны «жугуштуу» деп айтабыз. Вирус жуккан программа эки түрдүү функцияны аткарат. Биринчиси, башка программаларга жана дискеттерге вирус жугузат, экинчиси, вирус жуккан системаларды бузат. Вирус өзүнүн зыяндуу аракеттерин аткаргандан кийин, вирус жуккан программанын иштеши сыртынан вирус жукпаган программаныкындай эле көрүнүшү мүмкүн.

Компьютердик вирус түзүү идеясы америкалык фантаст жазуучу Т.Ж. Райнга тиешелүү дешет. Ал АКШда 1977-жылы жарыкка чыккан китептеринин биринде компьютерлерге жуккан вирус эпидемиясын сүрөттөп жазган.

Вирус чабуулу вирус жуккан бардык компьютерлерде ар кандай убакытта башталышы мүмкүн. Адатта чабуул бардык компьютерлерге жалпы тийиштүү кандайдыр бир шартты аткарууда башталат. Мисалы, абдан кеңири жайылган «Israel» вирусу мындай программаланган: жума күн 13 деген санга туш келсе кайсы жыл, кайсы ай болбосун чабуул жасайт.

Вирустан сактануу чараларын алдын ала көрбөсө, компьютерге жуккан вирус олуттуу кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Мисалы 1989-жылдын башында америкалык студент Морристин ойлоп тапкан вирусу миңдеген компьютерлерге, анын ичинде АКШнын коргоо министрлигине тийиштүү компьютерлерге жуккан жана аларды иштен чыгарган. Вирустун автору 3 ай түрмөдө жаткан жана 270 миң доллар айыпка тартылган.

Вирустун жугушун алдын алуу максатында «вируска каршы» деп аталган атайын иштелип чыккан программалык каражаттарды колдонуу менен коргонууга болот жана ал абдан жакшы натыйжа берет.

 

Джон фон Нейман

Нейман Джон (Янош) фон (3-декабрь 1903 - Будапешт, 8-февраль 1957 - Вашингтон), америкалык математик жана физик. Анын эмгектери функционалдуу анализге, кванттык механикага, логикага, метеорологияга арналган. Биринчи ЭЭМди жаратууга жана алардын колдонулуш ыкмаларына чоң салым кошкон. Анын оюндар теориясы экономикада эң маанилүү ролду ойногон.

Джон фон Нейман 1933-жылы өмүрүнүн аягына чейин Принстондогу кайра түзүлгөн келечектүү илимий изилдөөлөр институтунда профессор болуп иштеген.

Фон Неймандын 150 эмгектеринин ичинен 20сы физика маселелерине тийиштүү, калгандары жалаң гана математикага жана анын практикада колдонулушуна арналган, ошонун ичинде оюндардын теориясына жана компьютердин теориясына бөлүнгөн.

1944-ж. Мокли жана Эккерттин тобуна математикалык суроолор боюнча консультант катары кирген. Ошол эле убакытта мурункудан өзгөчөлөнгөн, программаларды эсте сактай алган EDVAC аттуу машинанын жаңы моделин иштеп чыгара баштаган. 1945-ж. Нейман «EDVAC» машинасы жана анын логикалык касиеттери жөнүндө баяндалып жазылган алдын ала баяндаманы жарыялаган. Нейман сүрөттөгөн компьютердин архитектурасы «фон Нейман» деп аталган, ошентип бүт долбоордун авторлугу ага жазылып калган. Акырында, бул патентке ээ болуу укуктук сот териштирүүлөрүнө алып келди, жыйынтыгында Эккерт менен Мокли лабораториядагы ишин токтотуп, өзүнчө менчик фирманы уюштурушкан. Бирок, ага карабастан, «фон Нейман архитектурасы» компьютерлердин кийинки моделдерине негиз катары алынган. 1952-ж. Нейман, MANIAC-I маалыматтарды алып жүрүүчү чакан дисктеги программаларды колдонуучу биринчи компьютерди иштеп чыккан.

 

Персоналдык компьютер

Компьютер термини кийинки жылдары турмушубузда кеңири орун алууда. Ал англис тилинен computer – “электрондук эсептөөчү машина” дегенди билдирет.

Азыркы ЭЭМдер (электрондук эсептөөчү машинелер) эң эле көп. Мисалы ЭЭМдердин бир бөлмөнү бир ээлеген чоңунан баштап, столго коюлуучу, портфелге, атүгүл чөнтөккө салынып жүрүүчү түрлөрүн көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө ЭЭМдин эң көп колдонулган түрү персоналдык компьютер болуп саналат. Мектепте информатика сабагын үйрөнүү үчүн персоналдык компьютерди колдонушат.

Персоналдык компьютерлердин моделдери ар түрдүү болгону менен алардын түзүлүшүндө жалпылыктар көп.

Персоналдык компьютердин негизги “тетиги” микропроцессор болуп эсептелет. Бул – ЭЭМдин процессорунун функциясын аткаруучу жана татаал жогорку технология менен даярдалган электрондук схема.

Персоналдык компьютер – электрондук түзүлүштөрдүн жыйнагы. Бул жыйнактагы эң башкы нерсе системалык блок. Системалык блокко машиненин “мээси” – микропроцессор жана ички эс жайгаштырылат. Анын ичинде электр тогун берүүчү блок, дискокөргүчтөр, сырткы түзүлүштөрдүн текшерүүчүлөрү орун алат. Системалык блок адатта муздатуучу ички желдеткич менен жабдылат.

Бүткүл системалык блок металл корпусунун ичине жайгаштырылган. Бул корпустун бетинде бир нече баскычтары болот: электр булагына туташтыруу баскыч, rezet баскычы, диск түзүлүштөрүнө дисктерди салуучу жылгыч, сырткы түзүлүштөрдү туташтыруу үчүн уялар.

Персоналдык компьютерге минималдык комплекттен, системалык блоктон тышкары, сөзсүз түрдө, клавиатура жана монитор кирет. Бул минималдык комплектиге кошумча: принтер, маус, модем жана башкалар бириктирилиши мүмкүн.

 

Программист кесиби

Келечектүү адистиктердин тизмесинде маалымат технологиялары өзгөчө орунду ээлейт. Бул тармак дүйнөнү өзгөртүүдө зор роль ойнойт. Азыркы жашоону компьютерсиз элестетүү кыйын, ошондуктан компьютерди билген адамдар – «IT» адистери бардык жерде талап кылынат. Бул системалык администраторлор, программисттер, веб-дизайнерлер жана башка көзгө көрүнбөгөн фронттун жоокерлери, компьютер дүйнөсүн тейлегендер. Алардын баары – иш тажрыйбасы жана тийиштүү квалификациялары бар болсо – глобалдуу жумуш базарында керектелет.

Европанын силикон өрөөнүнө айланган Ирландиянын вице-премьери 2000-жылы квалификациялуу программисттерди кельттердин өлкөсүнө чакырып иштетүү үчүн атайын Индияга саякат жасаган. Программистерди тартуу аракетинде Германия, Канада, Австралия дагы өзгөчө аракеттерди жасаган.

Компьютер адистеринин эмгек акысы да жогору. Мисалы, АКШда алар квалификациясы жана кызматы боюнча бир жылдын ичинде 60-115 миң доллар алышат. TMP Worldwideтин изилдөөсү боюнча: Лондондогу IT – директорлору 202 миң фунт стерлинге (GBP) чейин, ал эми жөнөкөй эле веб-дизайнер 47 миң алат. Ал эми «Oracle» компаниясынын түзүүчүсү Лэри Эллисон 47 млрд. доллар иштеп тапкан. «Microsoft» түзүүчүсү Билл Гейтс өзүнүн 85 млрд. доллары менен «эң бай» адамдардын бири.

Ошентип Itнын беш артыкчылыгын көрүп жатабыз. Биринчиден – бул кызыктуу иш, экинчиден – бул кесип менен көп акча тапса болот. Үчүнчүдөн – жумушсуздук коркунуч туудурбайт. Төртүнчү - бардык өлкөлөрдө иштесе болот. Бешинчиден чындыгында эле керектүү адамдардан болосуз, адамдарга жардам бере аласыз.

 

Эсептөөчү техникасын жана автоматтык системаны программа менен камсыздандыруу

Компьютерлер үчүн программалар атайын тилде жазылат. Алгачкы компьютерлер үчүн алар машинанын тилинде жазылган, башкача айтканда компьютер кабыл алган код түрүндө.

Бул абдан кыйын жана көп аракетти талап кылуучу жумуш, аны жасоодо оңой эле ката кетирүү мүмкүн. Программалоо процессин жеңилдетүү үчүн 50-жылдардын башында машинанын тилинде эмес, машинанын буйруктарынын мнемоникалык белгилери менен, программанын аттарында жана башка тилдерге жазууга мүмкүн болгон программалар системасы иштелген. Мындай программаны жазуучу тил автокод тили же болбосо ассемблер тили деп аталат. Ал көбүнчө максималдык ылдамдык жана минималдык өлчөмдөгү программаларды программалоодо колдонулат.

Бирок программаларды ассемблер тилинде жазуу үчүн, программист, компьютерге дал келүүчү буйрук системасын билиши керек. Ошондуктан ассемблердин пайда болушу менен изилдөөчүлөр программалоо процесстерин жеңилдетүүчү аракеттерди улантып жатат.

Джон Бэкустун жетекчилиги менен IBM фирмасында 1958-ж. Фортран биринчи коммерциялык колдонулуучу жогорку деңгээлдеги программалоо тили иштелип чыккан. Бул тил негизинен илимий эсептөөгө арналган жана азыркы күнгө чейин тармакта кеңири колдонулуп келет. Көптөгөн башка иштер үчүн жогорку деңгээлдеги ар кандай тилдер иштелип чыккан. Алардын арасынан кээ бирлери гана кеңири колдонууда, атап айтканда алар – С жана С++, Pascal, Logo,Basic, Lisp, Prolog, акыркы мезгилде – Java ж.б.